Бүгүн өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын регионунда +23…+28 градуска жетет.
Термометр Бишкекте +32…+34, Ош калаасында +34…+36, ал эми Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.

