Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы кызматтан кантип кеткенин «Кабар» агенттигине берген маегинде айтып берди. Ал саясатчы Азимбек Бекназаровдун Камчыбек Ташиев Жээнбековду коркутуп арыз жаздырган деген сөзүн четке какты.
Жээнбеков ага карата эч кандай коркутуу болбогонун, кызматтан кетүү чечими ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча беш жыл комментарий берген эмес, бирок окуялар бурмаланбашы үчүн азыр түшүндүрмө берүүнү туура көргөн.

