23-июнга карата аба ырайы


 Бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Таласта +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +23…+28, Нарын регионунда +22…+27 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34…+36, Ош калаасында +32…+34, Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.