Бүгүн, 3-июлда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында реконструкцияланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
«Мурас» кичи долбоорунун ишке ашырылышынын натыйжасында айылдагы 537 кожолукта жашаган 3 500гө жакын тургун сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду.
Кичи долбоордун ишке ашырылышы Министрлер Кабинетинин туруктуу суу менен камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, көрсөткөн жигердүү колдоосунун аркасында мүмкүн болду.
Долбоорду даярдоодо, координациялоодо жана түздөн-түз ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти маанилүү ролду аткарды.
Долбоор ишке ашканга чейин 2002-жылы курулган суу менен камсыздоо системасы техникалык жактан эскирип, канааттандырарлык эмес абалда болчу. Суу тоо булактарынан өз нугунда агып келип, зыянсыздандыруу (хлорлоо) кол менен жүргүзүлүп, ал эми суу белгиленген график боюнча гана берилчү. Эскирген түтүк тармактары жана көп сандагы авариялык тилкелер калкты ишенимдүү жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берген эмес.
Реконструкция иштери аяктагандан кийин суу менен камсыздоо тутуму айыл тургундарын сутка бою таза суу менен камсыз кылууда. Натыйжада санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылып, калктын ден соолугун коргоо деңгээли жогорулады, инфраструктуранын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу артты. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу ресурстарын башкаруу мүмкүнчүлүктөрү да бекемделди.
«Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу – мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга, калктын ден соолугун чыңдоого жана айыл аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Бүгүн Мурас айылынын тургундары коопсуздук жана сапат боюнча бардык талаптарга жооп берген заманбап жана ишенимдүү суу менен камсыздоо системасына ээ болушту. Биз суу чарба инфраструктурасын жаңылоону улантып, өлкөбүздүн айылдарын таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоону мындан ары да улантабыз»,— деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев.
Долбоордун ишке ашырылышы Мурас айылынын тургундарын таза ичүүчү суу менен ишенимдүү жана туруктуу камсыз кылууга, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жогорулатууга, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшү менен суу тартыштыгына байланышкан тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.
«Бул кичи долбоор Кыргызстандын суу ресурстарынын туруктуулугун чыңдоо жолундагы маанилүү кадам болуп саналат. Биз өкмөт жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташып, калктын коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жашоо деңгээлин жакшыртууга салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз», — деди Дүйнөлүк банктын суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адиси Одет Мушимпуа.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Министрлер Кабинети, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин кызматташуусунда ишке ашырылды.

