Бүгүн, 3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаров «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын ачты. Долбоор үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 60 гектар жер бөлүнгөн. Бул жерде кеңсе имараттары, кампалар, логистикалык борборлор, мейманканалар, турак жай жана туристтик инфраструктурасы бар заманбап каржы жана ишкердик борборун түзүү пландалууда.
Аймактын резиденттери катары туризм, IT, каржы кызматтары, логистика, жеңил өнөр жай жана дүң соода тармагындагы компаниялар күтүлүүдө. Божомол боюнча, 2035-жылга карата бул аймакта 3 900дөн ашык компания иштеп, 10 миңден көп жаңы жумуш орду түзүлөт. Инвесторлорго 49 жылдык салык жеңилдиктери, англис укугу, компанияларга 100% чет элдик ээлик кылуу, кирешени эркин чыгаруу жана 96 саатка чейин визасыз транзит сунушталат. Жапаров бардык долбоорлор экологиялык талаптарды сактоо менен гана ишке ашарын белгиледи.

