Кыргызстандык жөө күлүк Адина Самыйбек кызы Чехияда өткөн мелдеште күмүш медаль жеңди


Кыргызстандык спортчу Адина Самыйбек кызы Чехияда өткөн кыз-келиндер арасындагы жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при турниринде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Эл аралык мелдеш 27-июндан 4-июлга чейин Прага шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын намысын коргогон Адина Самыйбек кызы ядро түртүү боюнча күч сынашып, 19 метр 14 сантиметр жыйынтык менен экинчи орунду ээледи. Ал алтын медалдын ээсинен болгону 6 сантиметрге гана артта калган.

Мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун – Чехия (19,20 м);
  • 2-орун – Кыргызстан (19,14 м);
  • 3-орун – Хорватия (17,89 м).