6-июлга карата аба ырайы


Дүйшөмбү күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Баткен жергесинде +30…+35, Таласта +26…+31, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын регионунда +24…+29 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32…+34, Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.