ӨКМ сууга чөккөн адамга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыгуу өткөрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын кызматкерлери сууга чөккөн адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык көрсөтмө өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө адистер жабырлануучуну суудан коопсуз алып чыгуу, дем алуусун калыбына келтирүү жана жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүү ыкмаларын практикалык түрдө көрсөтүштү.

Ошондой эле алар өз убагында жана туура көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардам адамдын өмүрүн сактап калууда чечүүчү мааниге ээ экенин белгилешти.