Өлкө аймагында бир жума ичинде 22 987 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 26-июньдан 2-июль чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 987 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-3 629;

-Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу -423;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-299;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-694;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 485;

-Авто ээнбаштык -42;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 1 578;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 11;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –8 197;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 629 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.