Нарын облусунун аймагында жаратылыш мыйзамдарын бузган Кытай Эл Республикасынын жарандары өлкөдөн чыгарылды.
Эске сала кетсек, интернетте Арпа өрөөнүндө чет өлкөлүктөр мыйзамсыз балык уулап жаткандыгы тартылган видео тараган. Бул боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дароо текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында видеодогу жарандардын өздүгү такталган. Шектүүлөр изин жашыруу максатында автоунаасынын капталындагы жазууларын сыйрып, мамлекеттик номерин алып салышкандыгы аныкталган. Натыйжада унаа айып короосуна токтотулуп, чет өлкөлүктөр Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөөгө чейинки иш-чаралардын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган Кытай жарандарынын иш-аракеттерине укуктук баа берилип, айып пул салынып, алар Кыргызстандын аймагынан чыгарылышты.

