Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия фундаменталдык академиялык басылманын 11–16-томдорунун түзүмүн жана концепциясын карады. Жооптуу редакторлор камтыла турган тарыхый мезгилдер, негизги багыттар жана колдонула турган булактар тууралуу маалымат беришти.
Комиссия айрым темаларды толуктоону, архивдик, археологиялык жана жазма булактарды кеңири пайдаланууну, ошондой эле бардык томдордун өз ара биримдигин камсыз кылууну сунуштады. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев долбоор мамлекет тарабынан каржыланып, жогорку академиялык талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.

