20-июлга карата аба ырайы


Бүгүн жаан-чачын жаабайт, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 37…42, Таласта 35…40, Ысык-Көл жеринде 29…34, Нарын өрөөнүндө 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 38…43 градуска жетет.
Абанын табы Бишкекте 39…41, Ош шаарында 40…42, Чолпон-Атада 29…31 градусту түзөт.