Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга жана башка мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында, адвокат тарабынан акча талап кылуу фактысын аныктады.
УКМКга Э.Б.М. аттуу жаран адвокат Ж.А.Бга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө адвокат Ж.А.Б. кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандын укугун коргоп жатып, сот органдарында байланыштары бар экенин айтканы белгилүү болгон. Ал иш боюнча оңунан чечим чыгарып берүү шылтоосу менен айыпталуучунун жубайынан 6 000 (алты миң) АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.
2026-жылдын 17-июлунда жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын алкагында, адвокат Ж.А.Б. талап кылган акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы 4 000 (төрт миң) АКШ долларын алып жаткан жеринен кылмыш үстүндө колго түшүрүлдү.
Манас шаардык соту тарабынан кармалган жаранга карата тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын тактоого, ага тиешеси бар башка мүмкүн болгон адамдарды аныктоого жана далилдерди чогултууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси улантылууда. КР УКМК коррупциялык жана башка укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантат.


