АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британияны жакыр өлкө деп атап, кайрадан Түндүк деңизде мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Bloomberg агенттиги Британиянын премьер-министри Энди Бернем Түндүк деңизде мунай өндүрүү боюнча жаңы долбоорлорду бекитүүнү пландап жатканын билдирген.
«Бул — Жер жүзүндөгү сапаттуу мунайдын негизги булактарынын бири. Ал жерде жүздөгөн жылдарга жетчү кор бар, анын үстүнө көп бөлүгү дагы деле изилдене элек. Бул Улуу Британияны жакырчылыкка баткан оор абалдагы өлкөдөн дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин бирине айлантат!» — деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармагына.
АКШ лидери буга чейин да британиялыктарга Түндүк деңизде мунай өндүрүүнү көбөйтүп, шамалдан электр өндүргөн станцияларды курууну токтотууга бир нече жолу кеңеш берген.

