18-июлдан 28-июлга чейин Кыргызстанда вирустук гепатиттерге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган декада өтүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды В жана С гепатиттерине акысыз текшерүүдөн өтүүгө, эмдөө макамын тактоого жана зарыл болсо В гепатитине каршы эмделүүгө чакырды.
Вирустук гепатиттер узак убакыт белгилерсиз өтүп, боордун оор илдеттерине алып келиши мүмкүн. Өлкөдө В жана С гепатиттерине тест тапшыруу, В гепатитине каршы эмдөө жана өнөкөт вирустук гепатит менен ооруган бейтаптарды дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

