2029-жылдын 21-июлуна чейин Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого убактылуу мораторий жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аталган жарлык эртеңден тарта күчүнө кирет.
«Андагы балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга тыюу салынат. Бул чечим көлдөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, балыктардын көбөйүшүнө шарт түзүүгө жана өлкөнүн суу экосистемаларын коргоого багытталган», — деп айтылат билдирүүдө.

