Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н.Б. кармалды.
Тергөөдө аныкталгандай, кармалган жаран Threads социалдык тармагынын колдонуучусу катары системалуу түрдө чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, массалык башаламандыктарды уюштурууга, мыйзамсыз массалык акцияларга катышууга, аларды зомбулук, мүлктү жок кылуу, өрт коюу жана башка мыйзамсыз аракеттер менен коштоого чакырган. Ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган материалдарды тараткан.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш ишине тиешеси бар электрондук маалымат сактагычтар жана башка буюмдар алынган. Учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Сурак учурунда К.Н.Б. мурда аныкталган мыйзамсыз мазмундагы жарыялоолорго тиешеси бар экенин мойнуна алган.
Азыркы учурда кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ЖАКтын Жаза аткаруу кызматынын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Кыргыз Республикасынын УКМК эскертет: массалык башаламандыктарды уюштуруу, аларга чакырык жасоо, ошондой эле интернет тармагында жарандарды мыйзамсыз массалык акцияларга тартууга багытталган материалдарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

