Бүгүн республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар, ал эми дыйканчылык аймактарда күн болот. Бул туурасында Кыргыз гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Абанын температурасы Чүй +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +29…+34, Ысык-Көл облусунда +25…+30, Нарын дубанында +28…+33 градуска жетет.
Термометр Бишкекте +34…+36, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Атада +25…+27 градусту көрсөтөт.

