1-августтан тарта Кыргызстанда тигүү тармагы жана маркетплейстеги сатуучулар үчүн бирдиктүү салык убактылуу нөлгө түшүрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Жеңилдетилген режим 2026-жылдын аягына чейин аракеттенет. Чечимге ылайык:
-
Тигүү тармагындагы ишканалар үчүн бирдиктүү салыктын 0,25%дык ставкасы 0%га чейин төмөндөтүлөт;
-
Маркетплейстер аркылуу соода кылган ишкерлер үчүн 2%дык ставка дагы 0%га чейин нөлгө түшүрүлөт.
Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, бул чара ата мекендик бизнести колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жана экспортту өнүктүрүүгө, ошондой эле электрондук сооданы стимулдаштырууга багытталган.
Салыктык жеңилдиктер кыргызстандык Wildberries селлерлери маркетплейстин Орусиядагы кампаларындагы өрттүн айынан тарткан чыгымдарынын фонунда киргизилүүдө. Бул окуялардан кийин электрондук соода тармагында иштеген бизнес өкүлдөрү бийликке кошумча колдоо чараларын көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

