Ысык-Көлдө унаа кыймылы чектелет


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 30-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл облусундагы айрым унаа жолдорунда убактылуу кыймыл чектөөлөрү киргизилерин билдирди.

Чектөөлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапарларына жана «Борбор Азия – Азербайжан» саммитинин, ошондой эле Formula 1 H2O КыргызстандынГран-при – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдешинин өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Тактап айтканда, төмөнкү жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр болот:

  • «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу;
  • Балыкчы – Ананьево – Каракол (Ысык-Көлдүн түндүк жээги) унаа жолу, анда кыймыл маал-маалы менен токтотулуп турат.

Белгиленгендей, айдоочулар жана тургундар киргизилип жаткан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырылат.