Тажикстандын президенти Борбор Азияда мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады


Тажикстандын президенти Борбор Азия өлкөлөрүнө аймакта биргелешип мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.

Эмомали Рахмон Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда дүйнөлүк жана аймактык энергетика рыногундагы чыңалуу Борбор Азияга да түздөн-түз таасир берип жатканын белгиледи.

Рахмон заводду куруу маселесин тиешелүү мамлекеттик органдарга биргелешип иштеп чыгууну тапшырууну сунуштап, биринчи кезекте аймак өлкөлөрүнүн ички керектөөсү эске алынышы керектигин айтты.