Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча популярдуу акциянын мөөнөтүн 2026-жылдын 31-августуна чейин узартты. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК маалымдайт.
Акциянын мөөнөтү башында 31-июлга чейин белгиленген болчу. Бирок жүргүнчүлөрдүн жогорку суроо-талабына байланыштуу аны дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынды.
Акциянын алкагында авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 2 100 сомдун ордуна болгону 1 000 сомду түзөт.
Мындан тышкары, ушундай эле акциялык тариф Казарман – Бишкек багытында да күчүндө калууда. 2026-жылдын 26-июнунда башталган акция 2026-жылдын 26-сентябрына чейин уланат. Бул багыттагы авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 3 100 сомдун ордуна 2 100 сомду түзөт.
Акциянын мөөнөтүн узартуу Кыргызстандын аймактарынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ички туризмди өнүктүрүү жана жеткиликтүү, ыңгайлуу авиакаттамдарды кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштин бир бөлүгү болуп саналат.

