Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, ветеринардык коопсуздукту камсыздоо, мал чарбасын өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана санариптештирүү багыттарында бир катар маанилүү көрсөткүчтөргө жетишти. Эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоо максатында республика боюнча 14,26 млн баш малга ветеринардык-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, жарым жылдык план 110 пайызга аткарылды.
Жыл башынан тартып республика керектүү көлөмдө ветеринардык биокаражаттар менен камсыздалып, бардык вакциналар жана препараттар аймактарга муздак чынжыр талаптарын сактоо менен 100 пайыз жеткирилди. Ошондой эле ветеринардык кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өндүрүштүк муздаткычтар жана термочемодандар менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү.
Эл аралык деңгээлде дагы маанилүү жетишкендиктер катталды. 2026-жылдын май айында Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму (WOAH) Кыргыз Республикасынын шарп оорусун контролдоо боюнча расмий программасын кайрадан жактырды. Бул өлкөнүн ветеринардык системасына болгон эл аралык ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктайт.
Малды идентификациялоо боюнча иштер да активдүү уланууда.
Учурда ЖИКС маалыматтык системасында 2,344 млн баш ири мүйүздүү мал, 553,4 миң баш жылкы жана 3,5 миң баш чочко катталган. Ал эми 2026-жылдын алты айында 442,1 миң баш ири мүйүздүү малдын төлү, 45,9 миң баш кулун жана 1 393 баш чочконун төлү идентификацияланды.
Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик мониторингдин алкагында 948 үлгү алынып, 13 838 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү.
Экспорттук потенциалды кеңейтүү боюнча да оң жыйынтыктар бар. Учурда Кытайга экспорттоого 45 ишкана, Өзбекстанга 54, Европа Биримдигине 71, Түркияга 13, Россия Федерациясына 19 ишкана катталган. Кытай Эл Республикасы менен эт, субпродукт жана тери экспорттоо боюнча протоколдорду макулдашуу иштери уланууда.
Мал чарбасын асылдандыруу багытында 270 миң доза сапаттуу уруктук материал сатып алынып, республика боюнча 302 жасалма уруктандыруу пункту иш алып барууда. Электрондук реестрге 232 асыл тукум субъект киргизилген. Жарым жыл ичинде 46 820 баш уй жасалма жол менен уруктандырылды.
Санариптештирүү алкагында ветеринардык уруксат документтери электрондук форматта берилип, 2026-жылдын 15-июнунан тартып «Тулпар» маалыматтык системасы Россия Федерациясынын «Меркурий» системасы менен интеграцияланды. Мындан тышкары эпизоотиялык очокторду эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн «СУМО» геомаалыматтык системасы ишке киргизилди.
Алдыдагы мезгилде кызмат эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоону күчөтүүгө, ветеринардык көзөмөлдү өркүндөтүүгө, ЖИКС системасын модернизациялоону аяктоого, малды идентификациялоону кеңейтүүгө, жасалма уруктандыруу иштерин күчөтүүгө жана деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурат.

