Нарында мамлекеттен каржы алган ишканалар текшерилди


Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Ташболотов Учкун айыл аймагындагы «Нур» жана Эмгек-Талаа айыл аймагындагы «ЖБУ» айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Иш сапарынын жүрүшүндө кооперативдерге мамлекеттик колдоонун алкагында берилген жер аянттарынын пайдаланылышы, өндүрүш процесси жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалы каралды.
«Нур» кооперативине Министрлер Кабинетинин №309 токтомунун негизинде 70 гектар жер аянты, ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 80 гектар жер аянтына жамгырлатып сугаруу системасы орнотулуп, ижарага берилген. Кооператив «Таш-Рабат» бренди менен печенье өндүрүп, продукциясын ички рынокто сатуу менен бирге чет мамлекеттерге экспорттоодо.
Ал эми «ЖБУ» кооперативине №309 токтомдун негизинде 55 гектар жер аянты ижарага берилип, учурда 17 гектар аянтка «Аталык» сортунун биринчи репродукциясы өстүрүлүүдө. Мындан сырткары кооператив кулпунай, капуста жана чычырканак айыл чарба өсүмдүктөрүн органикалык ыкма менен өстүрүп келет.