3-августтан тарта Улуттук банк «Эгемен Кыргыз Республикасына — 35 жыл» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө киргизет. Монетада мамлекеттик желектин фонунда ак илбирс, Кыргызстандын герби жана салттуу курактын элементтери түшүрүлгөн.
Монетанын номиналы 100 сом, салмагы 7,78 грамм, алтындын тазалыгы — Au 999. Нускасы 1 миң даана менен чектелген. Монета расмий төлөм каражаты болуп саналат, аны Улуттук банктын кассаларынан 99 миң 460 сомго сатып алууга болот.

