Москва шаарындагы Кудрин аянтында жайгашкан Balzi Rossi ресторанында кечээ кечинде колго жасалган жардыруучу зат жарылганын Россиянын Улуттук антитеррордук комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, жардыруучу затты курьер аял ресторанга алып кирүүгө аракет кылган. Окуянын кесепетинен жардыруучу затты көтөрүп жүргөн аял, аны токтотууга аракет кылган күзөтчү жана ресторандын бир коногу каза болгон. Дагы 21 адам ар кандай деңгээлде жаракат алды.
Жардыруу болжол менен саат 19:55те болгон. Андан кийин окуя болгон жер курчоого алынып, Москва шаарынын мэринин орун басары Максим Ликсутов келген. Окуя боюнча Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштады.
Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, ресторан ошол күнү жеке иш-чара үчүн жабылып, ага болжол менен 50дөй конок катышкан.
«Коммерсант» басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, ресторандын кире беришинде күзөтчү конокторго куту көтөрүп келген аялды токтоткон. Аял анын ичинде белек бар экенин айткан, бирок күзөтчү ишенбей, текшерүүгө аракет кылган учурда жардыруу болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, жардыруучу зат алыстан башкаруу аркылуу иштетилген. Анын кубаттуулугу болжол менен 1 килограмм тротилге барабар болгон жана ичин металл шариктер менен толтурушкан.
Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, алдын ала версия боюнча кол салуунун негизги бутасы Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал-полковник Александр Чайко болгон. Ал ошол күнү 55 жылдык мааракесин белгилеп жаткан. Бирок маалыматтарга ылайык, генерал жаракат алган эмес.
Эскертүү: Генерал Александр Чайкого кол салуу жасалганы тууралуу маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек. Бул маалымат айрым орусиялык басылмалардын алдын ала версиясына негизделген.

