Айыл чарба министрлиги фермерлер жана дыйкандар үчүн 1210 кыска номери аркылуу акысыз кеңеш берүү кызматын ишке киргизди. Мекеменин адистери суроолорго ыкчам жооп берип, маалыматтык колдоо көрсөтүшөт.
• өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы
• ветеринария жана өсүмдүктөрдү коргоо
• үрөн, жер семирткич жана суу ресурстары
• жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана мамлекеттик программалар
• продукцияны өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу

