Бишкек — Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд ишке кириши мүмкүн


“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиевдин айтымында, поезд менен Бишкектен Ошко 6–8 саатта жетүүгө болот.

Анын айтымында, темир жолдун курулушу Бишкек — Ош жана Түндүк — Түштүк унаа жолдорундагы жүктү азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир жол аркылуу ташууга шарт түзөт.

Ошондой эле Бишкек — Балыкчы поездинин жол жүрүү убактысы дагы 20 мүнөткө кыскарышы мүмкүн. Учурда поезд бул аралыкты 4 саатта басып өтөт. Инфраструктура жаңыртылганга чейин жол 5 саатка созулчу.

Азамат Сакиевдин айтымында, поезддин өтө ылдам жүрүшүнүн деле кереги жок. Анткени жүргүнчүлөр, айрыкча Кыргызстанга биринчи жолу келген туристтер жол боюндагы кооз тоолорду, дарыяларды жана жаратылышты көрүүгө жетишиши керек.