Узаган аптанын соңу Чолпон-Ата шаары аймактык дипломатиянын борборуна айланды. 31-июлда калаада Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлеринин жыйыны (C6 форматы) өтүп, бул жыйынга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын өлкө башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелеринин тегерегинде иш алып барып, аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча да кеңири пикир алмашышты.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Кыргызстандагы жолугушуусу өлкө үчүн кандай стратегиялык мүмкүнчүлүктөргө эшик ачты? Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Кыргызстандагы жолугушуусу өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Мындай саммиттер саясий диалогду бекемдөө менен гана чектелбестен, экономика, соода, транспорт, энергетика, туризм жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат. Акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттери өз ара интеграцияны күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Натыйжада региондун ички соода көлөмү, инвестициялык кызматташтык жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлордун саны өсүүдө. Азия менен Европаны байланыштырган маанилүү транспорттук багыттардын кесилишинде жайгашкан Кыргызстан бул процессте өзүнүн географиялык жайгашуусу аркылуу маанилүү көпүрө кызматын ийгиликтүү ишке ашыра баштады.
Борбор Азия бүгүнкү күндө 80 миллиондон ашык калкы бар ири рынок болуп эсептелет. Эгер мамлекеттер ортосунда чек арадагы тоскоолдуктар азайып, бажы процедуралары жөнөкөйлөштүрүлсө жана транспорттук чыгымдар төмөндөсө анда кыргыз ишкерлеринин продукциясын Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейип, айыл чарба продукцияларына, эт жана сүт азыктарына, курулуш материалдарына жана экологиялык таза азыктарга болгон суроо-талаптын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ал үчүн эл аралык автомагистралдарды өнүктүрүү, логистикалык борборлорду түзүү, бажы кызматтарын санариптештирүү сыяктуу ири долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу керек. Чолпон-Атада өткөн жолугушуу мына ушундай ири долбоордун ийгиликтүү башталышына негиз боло алат.
Ошондой эле, дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаал курчуп турган шартта Борбор Азия мамлекеттеринин бир муштумга биригип жатканы аймактагы тынчтык жана коопсуздук үчүн эң мыкты курал десек жаңылбайбыз. Айрыкча, коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесине чекит коюлган шартта терроризмге каршы күрөштү биргеликте жүргүзүп, экстремизмдин алдын алып, мыйзамсыз миграцияга жана баңгизат аткезчилигине каршы жасалган биргелешкен аракеттер майнаптуу болот.
Жыйынтыктап айтканда, Орто Азия мамлекеттеринин президенттеринин Кыргызстандагы жолугушуусу өлкө үчүн жөн гана дипломатиялык иш-чара эмес, тышкы саясаттагы позицияны жакшыртууга, экономикалык өсүшкө, инвестиция тартууга, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, туризмди илгерилетүүгө жана аймактык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган стратегиялык мүмкүнчүлүк болуп саналат. Эгер кабыл алынган макулдашуулар ырааттуу ишке ашырылса, Кыргызстан жакынкы жылдары Борбор Азиядагы транзиттик, туристтик жана инвестициялык борборлордун бирине айлануу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө, мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Негизгиси, мындай жолугушуулардын Кыргызстанда өтүшү эл аралык аренада өлкөнүн аброюн жогорулатып, өнөктөштөрдүн жана ивесторлордун ишенимин күчөтүү менен жаңы дипломатиялык демилгелерди сунуштоого шарт түзөт.

