Алай районунда Гүлчө айылында болгон мушташка тиешеси бар делген жети киши кармалды. Жаңжалдын видеосу мурда социалдык тармактарга тараган. Бул факт 3-августта Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Милициянын маалыматы боюнча, жаңжал 2-3-августка караган түнү, саат 01:00 чамасында Нарматов көчөсүндөгү «Кербен» дүкөнүнүн жанында болгон. 2007 жана 2008-жылы туулган жети жаш жигит урушуп, мушташа кетишкен.
Бардык катышуучулар тергөө иш-чараларына алып келишкен. Алар бири-бирине дооматы жок экенин билдиришип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Милиция кызматкерлери катышуучуларга эскертүү беришип, алар менен алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн.

