Караколдо 42 карагай мыйзамсыз кыйылган


Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Каракол токой чарбасында текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтик-рекреациялык багытта иш алып барган ижарачылар келишимдик милдеттенмелерди аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тогуз административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, токойду коргоо жана жакшыртуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Каракол токой чарбасынын үч кызматкерине карата административдик чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 62 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жергез токой бөлүмүнүн №2 кыдырмасынан Тянь-Шань карагайынын мыйзамсыз кыйылган 42 дүмүрү аныкталган. Алардын ичинен 14ү өсүп турган карагай болсо, 28и шамалдан кулаган карагайлар экени белгилүү болду. Экологдордун эсебине ылайык, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян 83 миң 262 сомду түзгөн. Ал эми мыйзамсыз ташылып кеткен жыгачтын көлөмү 18,02 куб метр деп бааланган.

Инспекторлор токой чарбасынын кызматкерлерине №2 кыдырманын аймагында мыйзамсыз кыюу фактыларын өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү беришти.

Учурда текшерүүнүн бардык материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.