Бишкектин борборунда оюнчук автоматты көтөргөн жигит кармалды


Бишкекте милиция Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде BMWнын багажынан автоматка окшош буюмду чыгарган жаранды аныктады. Видео 5-августта Instagramга жарыяланган.

Материал Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Милиция кызматкерлери видеодогу катышуучуну – 2004-жылы туулган А.К.ны аныкташты. Анын үстүнөн «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Текшерүү учурунда жаран милиция кызматкерлерине буюмду ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген.

Белгилүү болгондой, бул оюнчук автомат болуп чыккан. Милиция коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертти.