Блогер коомдук жайда адепсиз жүрүм-туруму үчүн үч күнгө камакка алынды


Жалал-Абад облусунда блогер коомдук жайда ыплас жүрүм-турумунун видеосун социалдык тармактарга жарыялагандан кийин үч суткага камакка алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция видеодогу кыздын инсандыгын аныктады. А.М. аттуу жаранга карата материалдар даярдалып, сотко жөнөтүлдү. Манас шаардык соту ага үч суткага эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындады.

Милициядан кошумчалагандай, кыз кылганына өкүнүп, коомчулуктан кечирим сураган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана коомдук тартипти бузбоого чакырды.