6-августка карата аба ырайы


Бейшембиде Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +18…+23, Нарында +20…+25 градус болот.
Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Термометр борбор калаада +31…+33, Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градусту көрсөтөт.