Бишкектин борборунда 6-августта 12 саатка ысык суу өчүрүлөт


Бишкектин борборунда 6-августта ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул чектөө саат 08:30дан 20:30га чейин күчүндө болот, деп билдиришти борбор калаанын мэриясынан.

Себеби — Фрунзе көчөсүндөгү капиталдык курулуштун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери.

Ысык суу төмөнкү даректерде болбойт:

Тоголок Молдо көчөсү — №21, 23, 23а, 23б, 25 үйлөрү; Логвиненко көчөсү — №28/1, 32, 53, 55, 57, 59; Фрунзе көчөсү — №475, 495, 497, 499; Панфилов көчөсү — №188/1, 188/2, 190, 190/1, 200, 200а, 202, 239, 241; Жибек Жолу проспекти — №328, 346; Орозбеков көчөсү — №112, 114, 116, 122. Ошондой эле, Тоголок Молдо көчөсү, 21а дарегиндеги финансылык чалгындоо, Логвиненко көчөсүндөгү №3 төрөт үйү жана №3 үй-бүлөлүк медицина борбору, Жибек Жолу проспекти, 348 дарегиндеги акимиат да ысык суусуз калат.

Иштер аяктагандан кийин ысык суу берүү калыбына келтирилет деп пландалууда.