УТРКнын “Телекүзөт” берүүсүнүн редактору сабалган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран болуп чыгып, кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.
УТРКнын «Телекүзөт» программасынын редактору сабалды. Бул тууралуу улуттук телерадикомпаниянын башчысы Улан Сатиев Facebook платформада билдирген.

