Бишкекте 6-августка караган түнү Нижняя Ала-Арча районундагы базар өрттөнүп кетти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт «Көк-Сай»базарынын аймагында чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, курулуш материалдарынын контейнерлери күйүп жатат.
Базардын аймагы курчоого алынган. Алгач өрттү өчүрүүгө алты өрт өчүрүү кызматы тартылган, бирок кийинчерээк ал жерге кошумча күч жөнөтүлгөн.
Жабыркагандар жана өрттүн себептери тууралуу азырынча маалымат жок.

