Баласын күрөк менен сабаган ата камакка алынды


Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Сот ага эки айлык камакка алуу түрүндө бөгөт чарасын тандады.

Эске сала кетсек, 3-августта Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылган. Ал акыркы үч жылдан бери жарандык күйөөсү ага жана балдарына зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Бул факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.