Талас шаарында жаңы Адилет үйү курулат


Талас шаарында заманбап инфраструктурасы бар жаңы Адилет үйү курулат. 6-августта болочок имараттын пайдубалына убакыт капсуласы салынганын Жогорку сот билдирди.

Жаңы комплексте жергиликтүү соттор, Сот департаментинин облустук башкармалыгы, сот аткаруучулары жана башка тиешелүү кызматтар бир жерде жайгашат. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев долбоор сот реформасынын маанилүү бөлүгү болуп, жарандар үчүн сот кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатарын белгиледи.