Көчмөндөр оюндарынын символу болгон мөңгү суусу Бишкекке алып келинди


Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Биримдик кербени» долбоорунун алкагында бийик тоодогу булактан алынып көөкөргө куюлган сууну кабыл алды. Анын айтымында, бул демилге улуттук биримдик идеясын чагылдырат.

Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин суу куюлган идиш «Асанбай» кичи районундагы А-Банктын филиалында сакталат, ал жерден каалоочулар аны көрүп, эстеликке сүрөткө түшө алышат.