Баткен облусунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду


9-августта кечинде Баткен облусунда магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөө саат 18:33дө катталган. Эпицентр Кыргызстандын аймагында жайгашкан — Жар-Башы айылынан 6 км түштүк-батыш тарапта, Кулчу айылынан 7 км түндүк-чыгышта, Шибее айылынан 15 км түштүктүк-чыгыштыкта жана Баткенден 126 км түштдүк-чыгыш тарапта. Чак, Кулчу жана Шибе айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.