Кырчында ат сүйрөп кеткен жигит каза болду


Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында ат менен сейилдеп бара жаткан жигит каза болду. Каза тапкан бала 20 жашта экендиги такталды.

Буга чейин социалдык тармактарда аттан адам кулап, буту үзөңгүгө илинип калганы тууралуу видео тараган. Күбөлөрдүн айтымында, ат токтобой, адамды бир нече убакытта жерде сүйрөп жүргөн. Жаныбарды башка атчан адамдар токтото алышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында болгон окуя тууралуу маалыматты тактады. Ведомствонун маалыматы боюнча, жабырлануучу 2006-жылы туулган бала болуп чыккан.

Аны Ананьево айылындагы аймактык ооруканага жеткиришкен, бирок дарыгерлер өлүмүн тастыкташкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жаш жигитке баш сөөк-мээнин ачык жаракаты жана травма диагнозу коюлганын билдирди.