Ысык-Көлдө селден коргоо үчүн канал куруу, суу жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат


Ысык-Көл районунда калктуу конуштарды, жолдорду жана айдоо аянттарын селден жана суу ташкындан коргоо иштери жүрүүдө. Темир айылында узундугу 2040 метр болгон Арчалуу сел өткөрүүчү каналы курулуп, анын нугуна 11 ички көпүрө салуу каралган.

Курулуш аяктагандан кийин 200дөн ашык турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек — Каракол жолунун 600 метрлик бөлүгү корголот. Кашат айылында болсо Чоң-Ак-Суу дарыясынын 1000 метрлик жээги бекемделип, үйлөрдү, 5 гектар айдоо аянтын, конок үйлөрүн, эки ишкананы жана жолдун 200 метрлик бөлүгүн суу ташкынынан сактоо пландалууда.