Бишкек шаардык сотунда 10-августта карала баштаган 75 адамдын катына байланыштуу иш боюнча соттук отурум 13-августка жылды.
Маалыматка караганда, айыпталуучулардын адвокаттары прокуратуранын шаардык сотко жазган арызы менен таанышуу үчүн убакыт сураган.
Мындан тышкары «75 кат» боюнча айыпталуучулардын адвокаттары ачык сот процессин өткөрүүгө арыз берет деп айтылууда.
2-июлда Биринчи май райондук соту 75 адамдын катына байланыштуу иш боюнча өкүм чыгарган. Сот Ташиев баштаган 8 саясатчыны “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен актап, “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” боюнча күнөөлүү деп тапкан. Алар мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылдан абакка кесип, 3 жылдык пробация менен эркиндикте калган

