Кара-Балтада массалык мушташтан кийин 10го жакын жигит милицияга жеткирилди


Кара-Балтадагы массалык мушташтан кийин 10го жакын жигит милицияга жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жаңжал тууралуу маалымат 7-августтан 8-августка караган түнү түшкөн. Милициянын маалыматы боюнча, бир топ жаштар “Береговой” көчөсүнө чогулуп, мушташкан.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Чыр-чатактын катышуучулары 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштар болгон.

Факт Жайыл РИИБде катталып, текшерүү иштери башталды. 10го жакын катышуучу милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Укук коргоочулар башка мүмкүн болгон катышуучулардын өздүгүн аныкташат жана болгон окуянын жагдайларын аныкташат. Материал боюнча тергөө иштери жүрүүдө.