2025-жылы 6271 кыргыз жараны Россиядан депортацияланган


2025-жылы 6271 кыргыз жараны Россиядан депортацияланган. Бул тууралуу ТИМдин консулдук департаментинин өкүлү Нургазы Жумалиев «Биринчи радионун»эфиринде билдирди.

Анын айтымында, депортациялангандардын көпчүлүгү көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилген.

«Алардын көбү буга чейин Орусиядан кетүү боюнча эскертүү алышкан жана андан кийин өз алдынча өлкөдөн чыгып кетишкен», — деди ал