Жоголгон альпинисттердин чатырына куткаруучулар барышты


Аба ырайынын начарлашынан улам жоголгон альпинисттерди издөө токтотулду. Аба ырайы жакшырганда издөө иштери улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Куткаруучулар альпинисттер чатырларын тигишкен базалык лагерге жетип барышканы кабарланууда. Учурдагы аба ырайында дрондорду учуруу мүмкүн эмес.

Бирок аба ырайы жакшырганда алар учурулат. Ошондой эле, альпинисттерди издөө 5 600-6 000 метр бийиктикте жүрүп жатканы белгиленет.

Курамында эки беларус – 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов, ошондой эле 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов бар альпинисттер тобу 4-августта бийиктиги 6 612,5 метр болгон Курумды (Коромду) чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калышкан.

Чокуга чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана олуттуу физикалык жана техникалык даярдыкты талап кылат. Курумдыга биринчи жолу 2001-жылы бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин чыгышкан.