Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер 5 миңден 9 миң сомго чейин болот


31-августта «Бишкек Аренада» өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыкка чыкты. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Билеттердин баасы секторго жана орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин турат. Аларды ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алса болот.

Көрүүчүлөр «Бишкек Аренага» жеке унаалары менен бара алышпайт. Алар үчүн Бишкектин 22 жеринен акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин жөнөп турат, акыркы каттам саат 15:00дө. Трансфер жолдо аялдамасыз, экспресс каттам менен болот.