13-августка карата аба ырайы


Бейшемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл менен Нарын чөлкөмүнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +32…+37, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын регионунда +23…+28 градус ысыйт.
Чолпон-Ата калаасында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 35…+37, Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +23…+25 градуска жетет.