ДКО штабы ачылыш аземдеги гимндин башкача жаңырышына түшүндүрмө берди

Screenshot

ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов «Бишкек Аренада» өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын гимнин аткаруусу боюнча айтылып жаткан пикирлерге жооп берди.

Ал белгилегендей, ар бир сунушталган жана жасалган иш кылдат талкуу менен кабыл алынып, аткарылган.

«Бул жерде көп тараптуу пикирлер бар, себеби канча адам болсо ошончо пикир. Бирок менин байкашымча көпчүлүгү жактырды, ошондой эле жактырбагандар да бар. Ал бир адам өз пикирин айтканга укуктуу», — дейт Аденов.